ИИМ кийинки жылы натыйжалуу иштөө үчүн 4 долбоорду жүзөгө ашырмакчы

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги 2024-жылы жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында төрт ири долбоорду ишке киргизерин билдирди.
Министр Уланбек Ниязбеков аталган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн келишимдерди түзүп, макулдашуудан өткөргөнүн айткан.
Биринчи долбоор — ДНК анализдерин аныктоо үчүн лаборатория куруу. Анын пайдаланууга берилиши эксперттик криминалистиканы чыңдап, модернизациялап, потенциалын жогорулатат;
Экинчи — санарип инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүктөрүндө "Санарип булут" технологиясы киргизилет. Бул кадам ыкчам маалыматтарды алууга жана жеринде иликтөөлөрдү жүргүзүү сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт;
Үчүнчү — "Жеткиликтүү милиция" аталышындагы программанын алкагында милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердигин күчөтүп, элди тейлөө сапатын кеңейтип, жаңы форматка чыгуу;
Төртүнчү — элдин коопсуздугун туруктуу деңгээлде камсыздоо боюнча "Экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү борбору" түзүлөт.
Министрлик эмдиги жылга карата мындай өңүттөгү бир катар долбоорлор даярдалып жатканын кошумчалады.
Радио
Аялдар үчүн зомбулуктан коргоочу тиркеме иштелип чыгууда