Бивол Сауд Арабияда кармаш өткөрөт, командасында кыргыз боксчусу бар. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн түндө россиялык боксчу Дмитрий Бивол менен британиялык спортчу Линдон Артур титулдук кармаш өткөрөт.
Токмокто туулган Бивол WBA боюнча чемпиондугун гана коргобостон, атаандашынан IBO боюнча чемпиондук наамын тартып алууга аттанат. Бул 33 жаштагы Биволдун титулдук 11-ирет кармашы.
Кечээ боксчу таразага түшкөн. Россиялык боксчунун салмагы 79,2, ал эми Артурдуку 79,1 килограмм болгон.
Биволдун командасында Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын капитаны Эркин Адылбек уулу бар.
Беттеш Сауд Арабияда өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча 02:30да болмокчу.
Эске салсак, Бивол бул кармашка машыктыруучулар менен Ысык-Көлдө даярданган.
Бивол тарых жараткан боксчу Сейитбек уулун дасторкон үстүндө сыйлады. Видео