Бишкекте аялдар кайсы жактан канча сомго маммографиядан өтө алышат

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкекте маммографиядан өтүүнү каалаган аялдар үчүн "Санарип маммограф" мобилдик аппараты иштеп жатат.
Аталган аппаратты "Эргене" коомдук фонду аялдардын арасында эмчек рагын алдын алуу максатында алып келип иштетүүдө. Фонддун маалыматына ылайык, аппараттын жардамы менен төштөгү кичинекей патологиялык өзгөрүүлөрдү да көрсө болот. Шишик канчалык эрте аныкталса, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болору белгиленди.
"Санарип маммограф" аппараты учурда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75 дареги боюнча №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жанында жайгашкан. Маммографиядан өтүү акысы — 1 500 сом.
Өлкөдө эмчек рагы менен ооругандар көбөйүүдө. Дарыгерлерден аялдарга кулак кагыш