Өкмөт 2024-жылы айыл чарбада чоң өзгөрүү болорун айтууда

Жүн иштетүүчү цехтер жана жүндөн жер семирткич алуу боюнча завод ачуу каралып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыл жыйынтыктаган өкмөттүн жыйынында 2024-жылы айыл чарба тармагында чоң өзгөрүш болоруна убада берген.
Ал айыл чарба продукциясын сактоо, экспорттоо боюнча Москва районунда ири ишкана ачылганын белгилеп, ушундай эле өндүрүш Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Ата, Балыкчыда пайда болорун кошумчалаган.
"Наркы 10 миң доллар болгон жүн иштетүүчү цехтер уюштурулат. Жүндөн жер семирткич алуу боюнча завод ачуу каралууда. Терини кайрадан иштетүү башталат. Ысык-Атада 50 миң тонна картошканы кайра иштетүүгө кубаты жеткен завод ачылат. РКӨФтүн каржылоосу менен Балыкчыда канаттуулар фабрикасы ачылып, тооктун этине болгон муктаждык жабылат. Араванда 10 гектар жерге текстиль заводу курулуп, пахта өндүрүү, кайра иштетүү жолго коюлуп, Ош, Жалал-Абадда өсүмдүк майын чыгаруу иши колго алынат", — деген Төрөбаев.
8 млрд. сом: темир жол, суу сактагычтар салынат. Бийликтин жакынкы пландары