24-декабрга карата аба ырайы

24-декабрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорологиядан билдиришти.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл аймагында +3...+8, Нарын жергесинде -1...-6 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +12...+14 градуска чейин жетет.
Статком: 17 жашка чейинки кыргызстандык балдардын 40,3%ы жакырчылыкта жашайт