Талас шаары чакан жана орто бизнести өнүктүрүп, жаңы продукт өндүрүү, кайра иштетүүгө көңүл бурат. Бул тууралуу Эрмат Жумаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Таластын туристтик потенциалы жогору болгондуктан эми мейманкана бизнесине да акырындан басым жасалат.
"Таласта ишкерлердин көбү кызмат көрсөтүү жана алып-сатуу багыты боюнча бизнес кылат. Эми чакан жана орто бизнести өнүктүрүп, жаңы продукт өндүрүү, кайра иштетүүгө көңүл буралы деп турабыз. Мисалы, сүт өндүргөн заводду, фасолду иштетүү боюнча бир аз иштер жүрүүдө. Бул тизмени көбөйтүүгө аракет көрүлөт. Мындан тышкары, Таластын туристтик потенциалы жогору болгондуктан эми мейманкана бизнесине да акырындан басым жасалат. Жакында Талас — Тараз — Суусамыр жолу да жасалып бүтсө коңшу өлкө менен да тыгыз кызматташуу болот", — деди Жумаев.
Ошондой эле аткаминер шаар бийлиги ишкерлер үчүн бардык жагымдуу шарттарды түзүп өндүрүштү өнүктүрүүгө багыт аларын кошумчалады.