Стоматология борборунда 3 жашар кыздын чарчап калышы боюнча иш козголду

Октябрь райондук ИИБи айыпталуучулардын аракетине юридикалык баа экспертизанын жыйынтыгынан кийин берилерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. КММА медициналык борборунда бөбөктүн чарчап калышы боюнча кылмыш иши козголгонун Октябрь РИИБи билдирди.
Маалыматта тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси ("Медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайыксыз аткаруу") боюнча иш козгогону айтылат.
"Айыпталуучулардын аракетине экспертизанын жыйынтыгы менен баа берилет", — дешти милициядан.
Эскерте кетсек, буга чейин КММА медициналык борборунда наркоздон кийин үч жашар кыздын чарчап калганы белгилүү болгон. Наристенин атасы кызын аталган борборго тишин дарылатуу үчүн алып келгенин айтып берген. Бирок жалпы наркоз берилгенден кийин бала чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги факт боюнча териштирүү баштады.
Бишкекте колу сынып ооруканада көз жумган киши: дарыгерлер иштен четтетилди