Сот аткаруучулар жаңы 47 автоунаалуу болушту. Сүрөт

Автоунааларды алууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 миллион сом сарпталган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сот департаментине жаңы автоунааларды тапшыруу аземине катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сот аткаруучуларга жаңы 47 автоунаа тапшырылган. Акылбек Жапаров эки жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөнүн белгилеген.
"Сот аткаруучуларга биринчи жолу автоунаа сатып алынды. Ага мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 миллион сом сарпталган. Сот системасы – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон бийликтин өзүнчө бутагы. Санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудиовидеожазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Бийлик сатып алган 90 автоунаанын бешөө Нарындын акимдерине берилди. Сүрөт