Бүгүн президенттик балатыга 650гө жакын бала катышат

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бүгүн, 22-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык президенттик балаты өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
"Президенттин катышуусундагы балатыга республиканын бардык аймагынан келген 650гө жакын бала катышат", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы майрамга 1 100 бала катышкан. Алар: мыкты окуган, олимпиадада, эл аралык сынактар менен турнирлерде жеңген окуучулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон тартип коргоо жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдары болчу.
Окуучулардын кышкы каникулу эки жумага созулат