Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Жалпы чек ара болбошу керек". Орбан Россия тууралуу билдирүү жасады

Буга чейин саясатчы Россия Украинада согуш эмес, аскердик операция жүргүзүп жатат деген оюн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. –Sputnik. Венгрия менен Россиянын жалпы чек арасы болбош керек. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан журналисттер менен болгон жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Венгрия Россия менен биздин чек арабыз жалпы эмес, ортосунда "бир нерсе болгону" өз кызыкчылыкка туура келет деп эсептейт", — деген пикирин айткан.
Буга чейин саясатчы Россия Украинада согуш эмес, аскердик операция жүргүзүп жатат деген оюн билдирген. Эгерде Москва согуш жарыяласа, анда мобилизация башталмактыгын айткан. Өкмөт башчы "мындай болбогонуна тобо кылгыла" деген маанайда да чыгып сүйлөгөн эле.
Венгрия Украинада россиялык энергоресурстар боюнча санкцияларга жана Киевге курал жөнөтүүгө башынан каршы чыгып келет. 2022-жылдын март айында алардын парламенти өлкөнүн аймагынан Украинанын Куралдуу күчтөрүнө согуштук техниканы жөнөтүүгө тыюу салган жарлык чыгарган. ТИМ башчысы Петер Сийярто Будапешттин этникалык венгрлер жашаган Закарпатьени коопсуз кылууга умтуларын, анын аймагы аркылуу курал-жарак, ок-дарыны өткөрүү мыйзамдуу аскердик бута болуп каларынан сактанганын билдирген.
Мамлекет башчысы Венгрия Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн тез башталышын колдоорун айткан.
"Мындай болбошу керек". Венгрия Украинанын ЕБге киришине бөгөт коёт