Министр Максутов коомдо аялдардын статусу дагы жогорулагандыгын айтты

Министр энеге, аялзатына урмат менен мамиле жасоо эзелтен бери эле улуттун негизги өзгөчүлүгү болуп келгенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү жана приоритеттүү багыттарынын бири — үй-бүлө институтун сактоо, энелердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун бул туурасындагы сөзүн анын орун басары Айнура Аскарова XXXII Эл аралык рождестволук билим берүү боюнча окуулардын республикалык этабына арналган иш-чарада окуп берди.
Ал "Нравалык баалуулуктар — элдин маданий эн тамгасынын негизи" деп аталат. Жыйын Бишкектеги Ыйык кайра жаралуу кафедралык соборунда өтүп жатат.
"Энелерге, аялзатына болгон урматтоо эзелтен бери эле улуттун негизги өзгөчүлүгү болуп келет. Байыртан бери эле аялзаты жакшылыктын үрөнүн сээп, тукум улап жана үй-бүлө очогунун отун өчүрбөй сактап келген. Коомдо аялдардын статусу дагы жогорулады. Алар — жаңы коомдун талыкпаган жаратманы", — деп айтылат кайрылууда.
Аскарова аялзаты чүрпөсүнүн жүрөгүн сүйүүгө толтуруп, ак пейилге, гумандуулукка тарбиялаарын белгиледи.
"Мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү жана приоритеттүү багыттарынын бири — үй-бүлө институтун, энелердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо", — деп белгиленген кайрылууда.
Үнүм эч кимге жеткен жок. Кулак-мурду кесилген келиндин видеосу