Кыргызстандын кайсы аймагында жакшы тамактанышат. Статистика

Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, кыргызстандыктар орто эсеп менен 2 307 килокалорий керектешкен. Негизги норма 2 101ди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети аймактардагы тамактануу боюнча быйылкы биринчи жарым жылдыктын маалыматын жарыялап, аны 2022-жылдын ушул мезгилинин көрсөткүчтөрү менен салыштырды.
Маалым болгондой, кыргызстандыктар ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында суткасына орточо 2 307 килокалорий керектешкен. Негизги норма 2 101ди түзөт.
Жыл ичинде республика боюнча орточо калорий керектөө 108ге көбөйүп, Ысык-Көл облусунан башка бардык аймактарда (минус 114 килокалорий) адамдар жакшы тамактана башташкан.
Рейтинг:
Жалал-Абад облусу— 2 616;
Талас облусу — 2 580;
Ош шаары — 2 412;
Ош облусу — 2 388;
Ысык-Көл облусу — 2 198;
Чүй облусу — 2 174;
Нарын облусу — 2 157;
Баткен облусу — 2 133;
Бишкек — 2 054.
Өткөн жылдын биринчи жарымында керектөө Нарын жана Чүй облустарында, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында нормага жеткен эмес. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Бишкекти кошпогондо бардык жерде нормадан жогору болгон. Бишкек шаарында да 171 килокалорийге көбөйгөн, бирок бул суткалык керектөөгө жетпейт.
Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөгөн атайын орган жок. Адистин маеги