Опера жана балет театрынын директору Истамбаев үй камагына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыгарылганын Бишкек шаардык соту кабарлады.
Айыпталуучу буга чейин тергөө абагында болчу. Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди аталган сот кабыл алган.
Эскерте кетсек, Истамбаевдин кармалганы 1-декабрда белгилүү болгон. УКМКнын тараткан маалыматы боюнча, жетекчи өлкө казынасын зыянга учуратарын билип туруп театрдын балансындагы мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзгөн деп айыпталууда.
Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдаган деп экс-депутаттын уулу кармалды