БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ишкерди коркутуп, акча талап кылган деп Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү К.Э.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.
"Токмок шаарынын "смотрящийи" деп аталган К.Э.Ж. унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден 5 000 долларды опузалап талап кылган деп шектелүүдө. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал 1 000 доллар алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кошумча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.