Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жаңы жетекчи келди

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Жыпаркулов үстүбүздөгү жылдын январь айынын соңунан ноябрга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеп келген. Ал эми 2021-жылы 3-16-апрель аралыгында Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеген (өз каалоосу менен иштен кеткен). 2020-жылдан 2021-жылга чейин Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору болгон.
Бишкек шаарынын мэри кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады