23-декабрга карата аба ырайы

23-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көлдө +4...+9 жана Нарында -2...+3 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +14...+16 жана Ош шаарында +12...+14 градусту көрсөтөт.
"Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясына 400 миң кыргызстандык катышууда