Радио

Аялдар үчүн зомбулуктан коргоочу тиркеме иштелип чыгууда

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Алижанов аялдарды зомбулуктан коргоодо жардам берүүчү "Кадес" деп аталган мобилдик тиркеме ишке кирерин айтты.
Sputnik
Коомдо кыз-келиндердин коопсуздугун сактоо максатында ИИМ атайын мобилдик тиркемени ишке киргизет. Ал алгач сынамык иретинде кийинки жылдан баштап борбор калаада иштеп баштайт. Бул тууралуу Таалайбек Алижанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мобилдик тиркемени аялдар гана көчүрүп ала алат.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан же коомдук жайлардагы зомбулуктан коргоо максатында кыз-келиндер үчүн атайын программа ишке кирет. Ал мобилдик тиркеме болуп, аялдар гана смартфондоруна көчүрүп ала алышат. Ар бир колдонуучу жеке код менен катталат. Коркунуч жаралган учурда 102ге чалып отурбай эле тиркемеге кирип баскычты басса, анын турган дареги биздин кызматкерлерге келип түшөт. Ага жакын жүргөн кайгуул кызматынын кызматкерлери же милициялар жаранга барып жардам көрсөтөт. Тиркеме "Кадес" деп аталып, учурда Түркияда ийгиликтүү иштеп жатат. Биз бир жолу бою аны изилдеп, бизге алып келип иштетүү жолдорун карап чыктык. Долбоорду ишке ашырсак болот. Учурда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо" мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө да камтылган. Мыйзам долбоору өтүп калса тиркеме кийинки жылдан тарта сынамык иретинде алгач Бишкек шаарында, андан соң аймактарда ишке кирет", — деди Алижанов.
Ал, мындан сырткары, соттун чечими менен үй камагына чыккан жарандарга атайын билериктерди тагуу долбоору да каралып жатканын кошумчалады.