Жусупбек Коргонбай уулу сотторду тандоочу кеңешке мүчө болуп шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке мүчө болуп шайланды.
Жогорку Кеңештин квотасы менен бөлүнчү кызматка Мейкинбек Абдалиев экөө ат салышкан. Натыйжада көбүрөөк добуш менен Коргонбай уулу утуп чыкты. Ал кеңешке мүчөлүк ордун депутаттыгы менен кошо айкалыштырат.
Буга чейин аталган кеңеште депутат Русланбек Жакышев мүчө болчу. Ал өз ыктыяры менен кеткени маалым болду.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларын конкурс аркылуу тандайт. Андан өткөн талапкерлер президентке сунушталат.
Депутат президенттин облустагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады