Жоокерлерди "сатууга" шектелген командир камалды

Жоокерлер иштеген заводдун коопсуздук кызматынын жетекчиси да колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жоокерлерди "сатууга" шектелген Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн командири менен чогуу дагы эки киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, командир менен кошо ыкчам бөлүктүн начальнигинин жардамчысы жана жоокерлер иштеген заводдун коопсуздук кызматынын жетекчиси колго түшүрүлгөн.
Ишенимдүү адамдар аскер бөлүктүн командири, күзөт кызматынын жетекчиси жана дагы бир аскер кызматкери 2024-жылдын 18-февралына чейин тергөө абагына камалганын айтышты.
Эске салсак, командир томат чыгарган заводго 12 жоокерди мыйзамсыз ишке орноштурган деп шектелүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокерлердин иштеген акысын командир өзү алып турган. Аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Адам сатуу") боюнча иш козголгон.
Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду