Жаңы жыл майрамында үйгө кирген уурулардан сактаныңыз. Милициянын кеңеши

Жыл башынан бери уурулук боюнча 16 миңден ашык кылмыш жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. ИИМдин күзөт кызматы жаңы жылга байланыштуу турак жайга уурулукка киргендер көбөйүшү мүмкүндүгүн эскертип, коргонуу үчүн эрежелерди сунуштады.
Милиция уурулар майрам күнү кожоюндардын үйдө жоктугунан жана этиятсыздыгынан пайдаланышарын белгиледи.
"Өлкөдө катталган кылмыштардын жалпы санынын 70 пайыздан ашыгы бирөөнүн мүлкүн уурдоо болуп саналат. 2023-жылдын январынан ноябрына чейин бул сыяктуу 16 миңден ашык кылмыш жасалган. Күзөт кызматы тарабынан кайтарууда турган батирлерде уурдоого жол берилген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Милициянын сунушу:
биринчи жана акыркы кабаттардагы, ошондой эле жер тамдагы терезелерге темир торлорду орнотууну унутпашы керек;
мүмкүн болсо ар кандай кулпулар менен кош эшик орнотуңуз;
ИИМдин күзөт кызматынын дүрбөлөң баскычын орнотууга кайдыгер карабаңыз.
саякаттоого чыгуу пландарыңыз менен социалдык тармактарда бөлүшпөңүз;
баалуу буюмдарды, акчаны ар кайсы жерге жашырыңыз;
үйдөн чыкканда бардык терезе-эшиктерди жабыңыз;
массалык иш-чараларда мүлкүңүздүн коопсуздугуна кам көрүңүз. Баалуу буюмдарды жана көп акчаны жаныңызга алып жүрбөңүз.
ИИМ соңку убакта акча жана зер буюмдары каракчылыкка негизги себеп болуп калганын айтты. Уурулар эшиктин кулпусун талкалап, ачык терезелер жана лоджиялар аркылуу кирип, пластик терезелерди жана тор тосмолорду чыгарып алышат.
ИИМ уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды сунуштады