Кыргыз футбол союзу VAR системасын киргизүүнү көздөп жатат

Буга чейин КФС VAR лицензиясын алууда консультативдик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен FIFA уюмуна кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу арбитрлерге видеожардам көрсөтүүчү VAR системасын киргизүү боюнча иштерди жасап жатканын кабарлады.
Маалыматта кеңешме өтүп, ага FIFA уюмунун VAR системасын ишке киргизүү боюнча адиси Гильерме Барбоса, арбитрлерди окутуу боюнча FIFA инструктору Валентин Коваленко, ошондой эле КФСтин калыстар менен мелдештер бөлүмдөрүнүн, ошондой эле телевидение өкүлдөрү катышканы жазылган.
"Чогулушта Кыргызстанда VAR системасын ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелери, жабдууларды камсыз кылган компанияларга болгон талаптар, калыстарды жана калыстын видеоассистенттерин окутуу, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы мындан аркы кадамдарды бекитүү процесси тууралуу деталдуу талкуу жүрдү", — деп айтылат билдирүүдө..
Буга чейин Кыргыз футболдук союзу VAR лицензиясын алууда консультативдик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен FIFA уюмуна кайрылган. Учурда КФСтин калыстар бөлүмү өлкөдө видеожардам системасын ишке киргизүү боюнча долбоорун этап-этабы менен ишке ашырууда. Кийинки кадам — арбитр жана кайталоодо турган операторлор үчүн окуу программасын бекитүү.
КФС ата мекендик калыстар корпусунун өкүлдөрүн окутуу 8 айдан 10 айга чейин созуларын белгилеп, андан кийин гана Кыргызстандын Премьер-лигасынын оюндарында видеокайталоо системасынын колдонулушу күтүлүүдө.
Кайрат Жыргалбек уулу Кыргызстандын эң мыкты футболчусу аталды