Тыюу салуунун да чеги болуш керек. Шакиев менен Талиева кайым айтышты. Видео

Талаш мыйзам долбоорунун аталышын арабча эмес кыргыз тилинде жазуу талабы коюлганда чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Парламентте спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Камила Талиева айтыша кетти.
Жалпы жыйында "Вакуф жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жаткан. Талиева жана башка депутаттар анын аталышын арабча кылбай кыргыз тилинде жазуу керектигин айтты.
Бирок спикер аталышын көп талаша бербей мазмунуна маани берүүгө чакырды. Ал араб тилинен келген көптөгөн сөздөр кыргызда колдонулуп жүргөнүн белгиледи.
Андан соң Талиева спикер анын сөзүнө комментарий бербешин талап кылып, "тыюу салуунун дагы чеги болуш керек. Мен азыр жумшак айтып жатам. Анте берсеңер бардык мыйзамды талкуусу жок эле өткөрө берели", — деп нааразы болду.
Анда Шакиев "мен сизге комментарий берген жокмун, жөн эле сүйлөй бересиңерби. Айтышпай отуруңуз" деп зекиди.
Талиева ага жооп берейин деди эле микрофонун өчүрүп койду. Кетпей туруп алса "таң атканча турсаңыз да сөз бербейм" деди Шакиев.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Тууну өзгөртүү: кечээ добуш бербеген депутаттар бүгүн колдой турганын айтышты