Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган "Торугарт 2" бекетине барды. Сүрөт

Өлкө башчы келерки жылдын жаз айларынан тарта бекеттин жумуш убактысын 24/7 графигине өткөрүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган "Торугарт 2" көзөмөл-өткөрүү пунктун (КӨП) ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган "Торугарт 2" көзөмөл-өткөрүү пунктун (КӨП) ачты

2 / 6

Ага ылайык, бүгүнкү күндө "Торугарт-2" комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси орнотулду

3 / 6

Мында бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлү жүргүзүлүшү мүмкүн

4 / 6

Мындан тышкары, өткөрүү пунктунун аймагын жакшыртуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн эски курулмаларды бузуу, кошумча унаа токтотуучу жайларды орнотуу, транспорт каражаттарынын кыймылынын схемасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

5 / 6

Ал эми чек арачылар үчүн жатаканалар оңдолууда

6 / 6

Бекеттин ишмердүүлүгү менен таанышкан Садыр Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта жумуш убактысын 24/7 графигине өткөрүүнү сунуштады

Ага ылайык, бүгүнкү күндө "Торугарт-2" комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси орнотулду.
"Мында бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлү жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, өткөрүү пунктунун аймагын жакшыртуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн эски курулмаларды бузуу, кошумча унаа токтотуучу жайларды орнотуу, транспорт каражаттарынын кыймылынын схемасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ал эми чек арачылар үчүн жатаканалар оңдолууда", - деп айтылат маалыматта.
Бекеттин ишмердүүлүгү менен таанышкан Садыр Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта жумуш убактысын 24/7 графигине өткөрүүнү сунуштады.
Кыргызстан жеке күзөт уюмдарын чек араны кайтарууга тарта алат