Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияны 1991-жылдагы чек арага кайтаруу — фантазия. АКШ сенаторунун сыны

Конгрессчи Америка тынчтыкты колдоп чыкканга чейин Украина дагы канча талкаланат деген суроону кабыргасынан койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Украинада финансылоо боюнча тартыштык жок, ал эми Россияны 1991-жылдагы чек арага кайтаруу Батыштын фантазиясы катары кала берет. Бул туурасында Огайодон шайланган республикачы сенатор Жеймс Дэвид Вэнстин айтканын РИА Новости жазды.
"Украинадагы согуштун фундаменталдуу көйгөйү Украинаны финансылоонун же куралдын көлөмүнүн жетишсиздигинде эмес. Маселе Батыштын Украина Россияны 1991-жылдагы чек арасына кайтарат деген кол жеткис идеясында", — деди жазган Вэнс X социалдык тармагындагы баракчасына.
Конгрессчинин айтымында, мындай нерсе "18 жыл мурдагы фантазия эле, ал дагы деле ошол бойдон калып келет".
"Тынчтыкты колдоп чыкканыбызга чейин Украина дагы канча талкаланат деген бирден-бир негизги суроо турат", — деп кошумчалаган америкалык сенатор.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Анын айтымында, бул үчүн "Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо", Донбасстагы жай жашоочуларга карата жасалган кандуу кылмыштарга жоопкер болгон аскердик кылмышкерлерди сотко берүү керек.
РФтин Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана украин аскерлери турган жерлерге уруп жатышат.
АКШда Путиндин жаңы жыл алдындагы "жеңишине" нааразы болушту