Путин: Түндүк Америка менен Европа акылсыздыкты токтотушу керек

Путин Батыш өлкөлөрүнө Москва менен кызматташуудан пайда ала турган убак келгенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Батыштын Россия менен кызматташуудан баш тартышы – өзүнүн иши. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Стратегиялык өнүктүрүү жана улутттук долбоорлор кеңешинин отурумунда билдирди.
РИА Новости жазгандай, Путин Батыш өлкөлөрү башкарууда эмнеге басым жасап жатканын жакшы түшүнүшү керектигин айтты. Тагыраагы, жеңил ойлуулук менен Россияны жок кылуубу же демократиялык негизде көп полярдуу дүйнөнү куруубу?
Путин Россия Түндүк Америкага дагы, Европа өлкөлөрүнө дагы ачык экенин, жетекчилери акылсыздыкты токтотуп, тескерисинче, Москва менен кызматташуудан пайда ала баштай турган убак келгенин айтты.
Бирок РФ бул алардын иши жана чечими экенин белгилеген.
АКШда Путиндин жаңы жыл алдындагы "жеңишине" нааразы болушту