БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда салыкчы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Салык кызматынын Өзгөн району боюнча бөлүмүнүн жетекчиси У.К. 20-декабрда колго түшкөн. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") менен айыпталууда.
"Ал облус жашоочусунан 700 миң сомдон ашык салыктык карызын жашыруу үчүн 200 миң сом талап кылган. Кечээ күнү ошол каражатты алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Курткасынын чөнтөгүн текшерүү учурунда 5000, 2000 жана 1000 сомдук купюралар табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.