Өзгөн шаарынан өтүүчү айланма жол курулат

Документке мамлекет башчы кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасына айланма жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылын азайтуу максатында кабыл алынган.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке айланма жолду салуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырмасы берилген. Ал эми министрлер кабинетине 2024-жылдын 30-январына чейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарына айланма жол куруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.
Радио
Амираев: 1-январдан тарта куруучулар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет