БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 20-декабрда Москвада Экономикалык маселелер боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп, анда КМШга мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгынын түрдүү аспектилери каралганын шериктештиктин Аткаруу комитети билдирди.
© Фото / пресс-служба Исполкома СНГ
Отурумда айлана-чөйрөгө зыянын тийгизген объектилерди жоюу жаатында кызматташуу концепциясы, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча 2024-2029-жылдарга иш-чаралардын планы каралган. Жыйында 2022-2023-жылдардагы экономика чөйрөсүндөгү базалык уюмдардын ишмердүүлүгү да талкууланган.
"Аткаруу комитети даярдаган материал институт КМШнын жалпы билим берүү жана илимий мейкиндигин сактоого жана өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жаткандыгын айгинелейт", — деп жазылат маалыматта.
Жыйында 2018-2022-жылдары КМШда чакан бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча консультативдик кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу сөз болгон.
"Отурумдун жүрүшүндө комиссия мүчөлөрүнө КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда эркин соода зона келишими жана мамлекеттик сатып алуулар рыногуна кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүндүгү тууралуу маалымат берилди", — деп жазылат релизде.
Аймактар аралык кызматташтыктты өнүктүрүү үчүн конференция, форумдарды өткөрүү сунушталган.