Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германияга чыгып кеткен украиналыктардын мобилизацияланарын айтышты

Министр аскерге жарактуулар 2024-жылы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн атайын борборлоруна келиши керектигин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Өлкөсүнөн чыгып кетип Германияда жашап жаткан 25-60 жаш курагындагы украиналыктарды мобилизациялоо иштери пландалууда. Бул туурасында Украинанын коргоо министри Рустем Умеров айтканын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Министр алар 2024-жылы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн атайын борборлоруна келиши керектигин эскерткен.
Мобилизация жайларына келбегендер жазалана тургандыгы айтылып, кандай жоопкерчилик экенин азырынча так билдиришкен жок.
"Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө жаза эмес, бул — сыймык", — деген Умеров.
Украинада 2022-жылдын февралынан тарта аскердик абал режими кирип, жалпы мобилизация тууралуу жарлык иштеп келет. 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган. Аскердик милдетинен баш тарткандар беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Аскерге чакыруу бардык жерде тапшырылышы ыктымал. Жарлык чыккандан бери ал көчөдө, кафелерде, май куюучу жайларда берилип, эркектерди күчкө салып аскер комиссариаттарына алып кетип жатканы тууралуу видеолор жарыяланып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык генерал Украинадагы мобилизация тууралуу айтты