"Дордой" базарында салык төлөө үчүн тейлөө пунктулары ачылды. Тизме

Ишкер, соодагерлер убара болбой, ушул жайларга барып патент акысын төлөй алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Дордой" базарында салык төлөө үчүн тейлөө пунктулары ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай жайлар ишкерлердин убара болбой патент акысын төлөөсү үчүн уюштурулган. Кардарларга салык инспекторлору кызмат көрсөтөт.
Соодагерлерди тейлей турган салык кызматынын 8 бөлүмү:
"Дордой" базарынын администрациясы, борбордук кире бериште;
Салык кызматынын "Дордой" базарындагы филиалы (мечиттин жанында);
Салык кызматынын "Алкан" базарындагы филиалы;
"Дордой Азия"" ЖЧКсынын администрациясы ("Жунхай"), 2-кабат, 207-бөлмө;
"Форт Оберон" администрациясы, 2-бөлмө;
"Альмаматр" ЖЧКсы (Кербен), 24-катар, профсоюздук кеңсе;
"Долон-Дордой" ЖЧКсынын ("Дордой автотетиктери") администрациясы, 2-кабат;
"Ак-Суу" ЖЧКсы, профсоюздук кеңсе, "Ак-Суу" базарынын администрациясынын жанында.
Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр шилтемеси аркылуу катталып, "жеке кабинет" аркылуу да салык төлөсө боло турганы айтылды.
Базарлардын администрациясы соодагерлер үчүн ижара акыны арзандатууну чечти