Жакынкы беш жылда өлкөдөгү туризмдин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшүн 7 пайызга жеткирүү максатыбыз бар. Бирок туризмдеги көмүскө ишмердүүлүктүн көрсөткүчү жогору болгондуктан тиешелүү жыйынтыкка келүү оор болуп жатканын Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туризмди башкаруу тутуму мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде иретке келтирилип иш жүрсө, кыска убакытта коюлган натыйжага жетүүгө болот.
"Туризмди башкаруу тутумун мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде иретке келтирип иш жүрсө, кыска убакытта жакшы натыйжага жете алабыз. Бирок туризмдеги көмүскө ишмердүүлүктүн көрсөткүчү жогору болгондуктан тиешелүү жыйынтыкка келүү оор болуп турат. Пандемиядан кийин туризмди калыбына келтирүүгө болгон аракет көрүлүп, кайрадан мурдагы көрсөткүчкө баратабыз. Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, туризм ички дүң өндүрүмдүн 2,9 пайызын түздү. Жакынкы беш жылда өлкөдөгү туризмдин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшүн 7 пайызга жеткирүү максатыбыз бар. Албетте, ченемдик-укуктук актылар боюнча да иштейбиз", — деди Кенжематова.
Ошондой эле адис 2024-2028-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, сунушталып жатканын кошумчалады.