Коргоо министрлигиндеги командир жоокерлерди "сатууга" шектелүүдө

Жоокерлердин иштеген акысын командир өзү алып турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Аскер прокуратурасы Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн командирин колго түшүрдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү адамдар билдиришти.
Ага ылайык, командир томат чыгарган заводго 12 жоокерди мыйзамсыз ишке орноштурган деп шектелүүдө.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокерлердин иштеген акысын командир өзү алып турган. Аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Адам сатуу") боюнча иш козголгон. Аскер бөлүгүнүн командири жана завод кызматкери кармалды", — дешти ишенимдүү адамдар.
Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду