Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский жарым миллион кишини мобилизациялоо сунушу түшкөнүн айтты

Украинада 2022-жылдын февралынан тарта аскердик абал режими кирип, жалпы мобилизация тууралуу жарлык иштеп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Украинанын Генералдык штабы жарым миллион кишини мобилизациялоону өтүнгөнүн өлкө башчысы Владимир Зеленский маалымат жыйыны учурунда билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, аскер кызматкерлери армияны 450-500 миң адам менен толуктоону көздөп жатышат.
"Мында чечимди колдоо үчүн мага көбүрөөк аргумент керек экенин айттым", — деген Зеленский.
Ал ири масштабдуу мобилизацияга республикалык бюджеттен 500 миллиард гривна (13 миллиард доллар) талап кылынарын белгилеген.
Зеленский премьер-министр Денис Шмыгалга кайрылып "каяктагы акча" деп, бир аскер кызматкерине алты салык төлөөчүнүн акчасы жумшаларын айтты. Муну менен президент мобилизациядагы финансылык каатчылыкка токтолгон.
Буга чейин РФ коргоо министри Сергей Шойгу Украина Куралдуу күчтөрү атайын операция башталгандан бери 383 миң аскер кызматкеринен айрылганын билдирген. Ал эми жайкы контрчабуулда 159 миң жоокери каза таап, жарадар болгон.
Украинада 2022-жылдын февралынан тарта аскердик абал режими кирип, жалпы мобилизация тууралуу жарлык иштеп келет. 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган. Аскердик милдетинен баш тарткандар беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Аскерге чакыруу бардык жерде тапшырылышы ыктымал. Жарлык чыккандан бери ал көчөдө, кафелерде, май куюучу жайларда берилип, эркектерди күчкө салып аскер комиссариаттарына алып кетип жатканы тууралуу видеолор жарыяланып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина: Зеленский тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы катуу айтты