БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарында иштегендерди жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Президент акыркы үч жылдын ичинде улуттук коопсуздук органдары сан жагынан да, сапат жагынан да чоң өзгөрүүлөргө туш болуп, орчундуу ийгиликтерге жеткенин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө улуттук коопсуздук органдары коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен аёосуз күрөшүүдө. Анын натыйжасын бардык жарандарыбыз көрүп-билиши жана ага кол кабыш кылышы зарыл. Дүйнөдө болуп жаткан коркунучтар менен чакырыктар, анын ичинде эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын кылмыштуу иштеринде заманбап технологияларды колдоно башташы, киберкылмыштуулуктун өсүшү сиздерден жаңы ыкмалар менен жаңыча иштөөнү талап кылат. Чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринин натыйжалуулугун мындан да күчөтпөсөк олуттуу натыйжаларга жетише албайбыз", — деп жазылат Жапаровдун сөзүндө.
Ал өлкө жетекчилиги улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигин техникалык, социалдык жана материалдык жактан камсыздоо маселесин ар тараптан арттырууну уланта турганын кошумчалаган. Президент бүт өмүрүн мамлекеттин коопсуздугун жана элдин бейпилдигин камсыздоого арнаган коопсуздук органдарынын ардагерлерине да өзгөчө ыраазычылык билдирип, бардыгына чың ден соолук, кажыбас кайрат жана темирдей бекем эрк каалады.