Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулар онлайн-окууну жактыра бербейт. Изилдөө

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулардын санариптик окууга өтүүгө даярдыгы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы сунушталды. Билим берүү жана илим министрлиги мындай мониторингди "Таалим-Форум" коомдук фонду жүргүзгөнүн билдирди.
Анда онлайн-окутуу куралдарын, санариптик байланышты, компьютердик көндүмдөрдү колдонуу жөндөмдүүлүгү каралган.
"Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, мугалимдер жана окуучулар салттуу окутууга артыкчылык беришти. Бул онлайн-окутуу куралдарын натыйжалуу пайдалануу, билим берүү системасында инновацияларды киргизүү жана масштабдоо үчүн көптөгөн маселелерди чечүү зарылдыгын көрсөтүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева мындай жыйынтык санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жаатында мындан аркы кадамдарды иштеп чыгууда эске алынарын айткан.
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 4 тур менен өтөт. График