БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жаңы жылдын алгачкы 100 күнүндө инвестиция тартууга байланышкан иштер менен алектенебиз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Инвестициялык кеңештин отурумунда билдирген.
Отурумга мамлекеттик орган, өнүктүрүү фонддору, мамлекеттик банктардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышып, алар мамлекеттик мекемелер менен ишкерлердин ортосундагы кызматташуу механизмдерин талкуулашкан.
Акылбек Жапаров Кыргызстанга инвестиция тартуу үчүн учурдагы укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү менен гана чектелбестен, реалдуу идеялардын негизинде иш алып барууга чакырды.
"Инвестицияга байланышкан мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип эле жатабыз. Бирок реалдуу өзгөрүү болбой жатат. Эми биз башка жол менен кетебиз. Мекемелер аралык комиссия түзүп, тиешелүү программаларды тартабыз. Жаңы жылдын алгачкы 100 күнүндө инвестиция тартууга байланышкан иштерди жүргүзөбүз", — деген ал.
Жапаров келерки жылдан тартып мамлекетте ушул темага байланышкан жыйындар тыныгуусуз өткөрүлөрүн кошумчалаган.