Нарында ишкерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилди

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Нарында жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында 6 пайыздык насыя берилгенин аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Нарында жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында 6 пайыздык насыя берилгенин аймактык кабарчы билдирди

2 / 4

Билдирмеге караганда, насыя облус облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан чегерилген

3 / 4

Долбоор ээлерине жеңилдетилген насыя боюнча сертификаттарды облус башчысы тапшырган

4 / 4

Облустун аймагындагы ишкерлердин эт, сүт багытындагы уйларды сатып алып, сүттүн көлөмүн жогорулатуу, ак мрамор ташын кайра иштетүү үчүн кошумча техника сатып алуу боюнча долбоорлору жактырылган

Билдирмеге караганда, насыя облус облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан чегерилген.
"Облустун аймагындагы ишкерлердин эт, сүт багытындагы уйларды сатып алып, сүттүн көлөмүн жогорулатуу, ак мрамор ташын кайра иштетүү үчүн кошумча техника сатып алуу боюнча долбоорлору жактырылган. Насыянын жалпы суммасы 36 миллион 778 миң сомду түзөт", — деди кабарчы.
Долбоор ээлерине жеңилдетилген насыя боюнча сертификаттарды облус башчысы тапшырган.
Кайсы азык-түлүктү каякка сатуу керек? ЕЭК сунушу