Москвада ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин отуруму өттү

Отурумду ачкан Володин азыркы кырдаалда, өзгөчө коопсуздук жаатында алаканы бекемдөө зарылдыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин отуруму өттү.
1 / 3

Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин отуруму өттү

2 / 3

Иш-чараны Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды

3 / 3

Отурумга катышкан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ЖККУга төрагалык кылуу милдети Казакстанга өтүп жатканын эске салып, Кыргызстан Парламенттик ассамблеянын алдыдагы пландарын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалаганын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады

Иш-чараны Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Володин отурумду ачып жатып азыркы кырдаалда аталган алкактагы кызматташууну, өзгөчө коопсуздук жаатындагы алаканы бекемдөө зарылдыгын айтканын ассамблеянын маалымат кызматы билдирди.
"Дүйнөдөгү глобалдуу өзгөрүүлөр, ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек араларынын бардык периметрлериндеги чыңалуунун улам өсүп жаткан маалында жашоонун өзү кызматташуунун, өзгөчө коопсуздук жаатындагы алаканы бекемдөө зарылдыгын шарттап жатат", — деди Мамдума төрагасы.
Отурумга катышкан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ЖККУга төрагалык кылуу милдети Казакстанга өтүп жатканын эске салып, Кыргызстан Парламенттик ассамблеянын алдыдагы пландарын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалаганын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Андан тышкары, Кыргызстандын аталган уюмдун потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеген.
"Дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктар мамлекеттер аралык алакаларга терс таасирин тийгизери анык. Андыктан компромисстик ыкмаларды издөө менен көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себебин жоюу боюнча кызматташтыкты бекемдөө учур талабы. Биз кандай гана чыр-чатактар болбосун тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салынышын жактайбыз", — деди ал.
Эскерте кетсек, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясына Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери мүчө.
Россия Кыргызстан менен болгон мамилени баалайт. Жапаров Володин менен жолукту