БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Майрам учурунда ичимдикке ууланып калбоо үчүн эмне кылуу керектигин эпидемиолог, Россия Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышкан.
"Негизи ичимдиктен баш тартуу — эң эле эффективдүү жол. Жалал-Абадда, Ошто жана Кара-Балтада арак заводдору бар экени эсимде. Мен канчалык акыл айтпайын, майрамда баары бир ичилет. Ошондуктан бере турган кеңешим: спирт ичимдиги сапаттуу болсун. Өзүн эле жута бербей, тамак-аш жегенди да унутпоо зарыл", — деди эпидемиолог.
Эксперттин айтымында, ичимдикке этил эмес, метил спирти кошулганда адам ууланат. Метил спиртинин (метанол) даамы жана жыты этил спиртинен айырмаланбаганы менен уу болуп саналат.