Кыргызстан айрым өлкөлөргө балды көбүрөөк экспорттой баштады

10 ай ичинде чет жакка 1 миллион 140 миң долларга 269,6 тонна бал чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстан бул жылы балды сыртка экспорттоонун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
10 ай ичинде чет жакка 1 миллион 140 миң долларга 269,6 тонна бал чыгарылган. Таттуу азыкты кеминде 17 өлкө сатып алган. Анын ичинен эң көп сатып алган беш мамлекет:
Кытай — 117,7 тонна;
Кувейт — 29,8;
Азербайжан — 22,2;
Бириккен Араб Эмирлиги — 21,9;
АКШ — 21,6.
Былтыркы жылдын ушул маалында 207,4 тонна бал сатылган. Андан бери балды экспорттоодо чоң өзгөрүү болгон эмес. Былтыр Сауд Арабия 37,7 тонна бал алып, тизменин алдыңкы сабына чыккан (быйыл ал 16,8 тонна менен алтынчы орунда).
БАЭни кошпогондо быйыл аселди ири көлөмдө алган мамлекеттер аталган азыктын импортунун көлөмүн өстүрүшкөн. Тагыраагы, Кытай 6,2 эсеге, Азербайжан 15,9, Кувейт 2,1 жана АКШ 1,4 эсеге көбөйттү.
Кыргызстан 9 ай ичинде 13 тонна алтын сатты