Айдоочуларга эскертүү! Кыргызстанда автоунаалар боюнча эки рейд башталды

Автоунаалардын башаламан жерге токтошун болтурбоо үчүн иш-чаралардын биринчи этабында кошумча 10 даана эвакуатор сатып алуу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бүгүндөн тарта жалпы өлкө аймагында автоунаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандарды аныктоо үчүн рейд башталды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Иш-чара 31-декабрга чейин созулат. Муну менен катар эле Бишкектин жолдоруна башаламан токтотулган машиналарды эвакуациялоо боюнча дагы рейд жүрүүдө.
"Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат", — деп айтылат маалыматта.
Автоунаалардын башаламан жерге токтошун болтурбоо үчүн иш-чаралардын биринчи этабында кошумча 10 даана эвакуатор сатып алуу пландалууда.
Туура эмес жерге машинасын токтоткондор эвакуатордун кызматына 1 250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөө зарыл болот.
Таштанды акысын төлөбөгөндөрдүн дарбазасына эскертүү кагаздары чапталууда. Сүрөт