БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясы (БА) Россиянын нацизмди баатырлык катары көрсөтүү менен күрөшүү боюнча резолюциясын кабыл алганын РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Буга чейин аны Башкы Ассамблеянын Үчүнчү комитети колдогон.
Резолюция үчүн 118 өлкө добушун берсе, 49у каршы чыгып, 14 мамлекет калыс пикирди карманган. Макул болгондордун тизмесинде Россия, Кытай, Израиль баштаган өлкөлөр турду. Каршылардын катарына АКШ, Улуу Британия, Германия, Италия, Япония, Украина, Франция, Канада, Австралия, Австрия, Албания, Бельгия, Эстония, Чехия, Финляндия, Грузия, Венгрия, Ирландия, Латвия, Литва, Черногория, Нидерланддар, Норвегия, Польша, Молдова, Словения, Испания, Швеция жана башкалар болду.
Анын ичинде "мыйзам чыгаруу жана билим берүү тармагында адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерге ылайык, Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын жана жыйынтыктарын кайра карап чыгууга жол бербөө, аны менен катар адамзатка каршы кылмыштарды, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жасалган согуш кылмыштарын четке кагуу" айтылган.
Документтин авторлору нацизмди даңазалап жайылтууга байланышкан жоруктарды кескин сындап, буга Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликтерге ушундай мазмундагы граффитилер менен сүрөттөрдүн түшүрүлүшүн мисал келтиришкен. Буга кошумча өлкөлөрдү расалык дискриминациянын бардык түрүн жок кылууга чакырык ташталып, муну мыйзам менен бекитүү талабы айтылган.
Резолюция билим берүү системасында расизм, дискриминацияны, этникалык, улуттук өзгөчөлүгүнөн, диний ишениминен улам зомбулук көрсөтүүнү пропагандалаган материалдардын колдонулушуна каршы.
Муну менен катар эле Россия, Беларусь, Кытай, Сирия, Түндүк Корея жана Египет текстке Батыштын түзөтүүсүн киргизүүгө макул болушкан жок. Анда Россия "неонацизмди жок кылуу шылтоосуна жамынып Украинага каршы территориялык агрессиясын актоого аракет жасап жатканы" айтылган.
Буга чейин Россиянын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Мария Заболоцкая нацизмди баатырлык катары көрсөтүүгө каршы күрөш боюнча Россиянын жылдык резолюциясына жасалган колдоо БУУнун БАсында өсүп жатканын белгилеген. Иштин мындай жагдайы Батыштын бир катар мамлекеттерине жакпай жаткандыгын кошумчалаган.