Илдеттин баары кайсы бир баскычка жеткенде бөйрөккө терс тасирин тийгизет. Бул тууралуу Элнура Ахунова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бөйрөк оорулары көбүнчө симптомсуз болуп, бейтаптарга билинбей жүрө берет.
"Бөйрөк кайсы бир деңгээлде организмдин фильтринин ролун аткарат. Башкача айтканда, организмдеги канды токсиндерден тазалап, зыяндуу заттарды заара менен чыгарат. Ошондуктан кан басым, кант диабети, муун, өпкө, боор оорулары, ангина жана башка илдеттер кайсы бир баскычка жеткенде бөйрөккө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан кайсы бир диагноз коюлгандан кийин сөзсүз бөйрөктү дагы текшертип коюу керек. Анткени бөйрөктүн айрым ооруларында гана симптом пайда болбосо, көпчүлүк учурда билинбей өрчүп кетет. Анан эч качан өз алдынча дарыланбаш керек. Бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн сууктан сактанып, сууну көп ичип, жыл сайын заараны анализге берип туруу керек. Суу дегенде бардык суюктукту түшүнбөш керек. Маселен, алкоголдук суусундуктар суюктук болгону менен бөйрөккө күч келтирет", — деди Ахунова.
Ошондой эле ал бөйрөк минералдык балансты кармап турарын кошумчалады.