Бишкекте балдарга кайрымдуулук операциясы жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкекте балдарга кайрымдуулук операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Операциялар Кыргызстан менен Россиянын дарыгерлеринин кызматташуусунун алкагында 16-19-декабрь аралыгында жасалган.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн 70 бейтабынын ичинен 14 бала тандалып алынган.
Балдардын операциядан кийинки абалы жакшы, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Интернаттагы балдардын 5%ы гана эки ата-энесинен айрылгандар. Статистика