БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу графиги бекитилди. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
2023-2024-окуу жылына карата абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт. Анда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы сөзсүз түрдө талап кылынат.
График:
I тур – 2023-жылдын 25-30-декабрында;
II тур – 2024-жылдын 8-13-январында;
III тур – 2024-жылдын 15-20-январында;
IV тур – 2024-жылдын 22-27-январында.
Ректорлорго бекитилген графиктин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет. Кабыл алуу жана ЖОЖдор жөнүндө толук маалымат министрликтин сайтына https://2020.edu.gov.kg/vuz жайгаштырылган.