БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы алардын президенти Владимир Зеленскийдин кадамын аскер комиссариаттарын коррупция чууларынан кийин бошотконун сындады. Бул туурасында РИА Новости "Украинская правда" басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
"Алар кесипкөйлөр болчу, эмне кылышты билишчү, эми алар жок", — деп жооп узаткан ал башкы командачылыктардын алынышы армиянын резервдерин толуктоого кандай таасир эткени туурасында берилген суроого.
Аскер жетекчилерди жайкы жапырт текшерүүдөн кийин алышкан, буга коррупциялык ири чуулар себеп болгон. Анткен менен мамлекеттин башчысы да сынга кабылган. Депутат жана Жогорку Раданын Улуттук коопсуздук, коргонуу жана чалгындоо боюнча комитетинин катчысы Роман Костенко бул чечимдин кесепетинен улам өлкөдө мобилизация аксаганын айткан.
Зеленский менен Залужныйдын арасын кара мышык аралаганы туурасында башкы командачынын The Economist журналына берген маегинде контрчабуулдар туңгуюкка кептелгенин айткандан кийин кеп кыла башташкан. Бул президенттин аскер адамынын саясатка киришпеши туурасында айтканынан соң ушундай сынды пайда кылган.
Кийинчерээк украиналык ЖМКлар Зеленский облустук администрациялардын башчыларына аскер жетекчиси менен кандай гана маселелер болбосун сүйлөшүп, талкуулоосуна тыюу салганын жазышты. Журналисттер мындай кадамды атаандашын жок кылууга жасаган аракет деп баалашты. Былтыр жергиликтүү басылмалар Зеленский Залужныйды кызматынан алып, Коргоо министрлигин жетектөөгө коерун, мындай нерсе аны президенттик шайлоодогу атаандашы катары көрүп жаткандыгынан улам жасаларын жазышкан.
Украиналык сурамжылоолордун жыйынтыгы мындай саксынууларга негиз бар экендигин көрсөткөн.
"Рейтинг" деп аталган социологиялык топтун иликтөөсү башкы командачыга респонденттердин 82 пайызы, ал эми президентке 72 пайызы ишенерин көрсөткөн. Зеленскийдин рейтинги июлдан тарта түшө баштаган.