Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Украина атайын операция башталгандан бери 383 миң аскеринен ажырады

Министр негизинен Куралдуу күчтөрдүн 2023-жылга белгиленген максаттары аткарылганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Атайын операция башталгандан тарта Украинанын Куралдуу күчтөрү 383 миң аскер кызматкеринен ажырады. Бул туурасында РФтин коргонуу министри Сергей Шойгу ведомствонун кеңейтилген жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
"Атайын операция башталгандан тарта Украинанын Куралдуу күчтөрү ажыраган аскерлери 383 миңден ашты. 14 миң танкасы, жөө аскерлердин аскердик автоунаалары, сооттолгон транспорттору талкаланып, 553 учак жана 259 тик учак, 8,5 миң талаа артиллериялары менен залп менен аткан куралдары жок болду", — деген Шойгу.
Ал эми Украина 4-июнда баштап алган контрчабуулунан бери 159 миң аскеринен, 121 самолетунан, 766 танкасынан ажыраган.
Коргонуу министри Россиянын Куралдуу күчтөрү 2023-жылга белгиленген бардык милдеттерин аткарып, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн жаңы деңгээлин камсыз кылганын белгиледи.
"Россия 2024-жылы атайын операцияга коюлган максаттарды толук ишке ашырууну улантат. Негизинен Куралдуу күчтөрдүн 2023-жылга белгиленген максаттары аткарылды. Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн жаңы деңгээли камсыздалды", — деп белгилеген Шойгу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Россиянын армиясы — даярдыгы мыкты жана согушка жөндөмдүү армия