Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Куралдуу күчтөрү элине "коркунучтуу жылдын" башталарын эскертти

Сиротюктун пикиринде, калктын аскерге жарамдуу бөлүгүн мобилизациялабай туруп Украинанын Куралдуу күчтөрү кандайдыр бир ийгиликтерге жете албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кармаштын келерки жылы Украина үчүн эң кооптуу болорун NTA каналы менен маектешүүдө Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн камалоочу бригадасынын биринин сержанты Юрий Сиротюк айтып берген. Бул маалыматты РИА Новости таратты.
"Коомчулук алдыда бизди согуштун эң коркунучтуу жылы күтүп турганын аңдашы керек. Кармаш азыр тынчтык орноп турган жерлердин аймагына кирип келиши да мүмкүн", — деген ал.
Сиротюктун пикиринде, калктын аскерге жарамдуу бөлүгүнүн бардыгын мобилизациялабай туруп Украинанын Куралдуу күчтөрү кандайдыр бир ийгиликтерге жете албайт. Ал "аялдардын этегине жашынган", согушка жөнөтүүдөн качып кетип жаткан украиналыктарды айыптаган. Сиротюктун пикиринде, эртеби-кечпи, качкандарды россиялык армия чакырат.
Буга чейин Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов мажбурлаган мобилизация уланып жаткандыгын билдирген. Анын айтымында, Украинанын коргонуу күчтөрүнө аскер жетишпей жатат. Буданов армиянын катарында жоготуулар уланып жатканын, алардын ордун толуктоо керектигин эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кырылдык... Украин ЖМКлары Днепрдин сол жээги үчүн күрөштүн майнапсыздыгы тууралуу