Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Россиянын армиясы — даярдыгы мыкты жана согушка жөндөмдүү армия

Шойгу согуш тажрыйбасын россиялык 650 миң аскер алганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын армиясы — дүйнөдөгү даярдыгы мыкты жана согушка жөндөмдүү армия. Бул туурасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу ведомствонун кеңейтилген жыйынында сүйлөп жатып айткан.
"Бүгүнкү күндө россиялык армия дүйнөдөгү даярдыгы мыкты жана согушка жөндөмдүү армия болуп саналат, алдыңкы жана согуш шартында сыналган куралдары бар", — деген министр.
Анын айтымына караганда, атайын операциянын тажрыйбасы куралдуу күчтөрдүн заманбап каршылаштын кандай гана аракетине болбосун "адекваттуу жана ыкчам" реакция кыларын көрсөттү.
Шойгу согуш тажрыйбасын россиялык 650 миң аскер алганын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Киевге жардам бере албайт. АКШда Россиянын жеңиши тууралуу айтыла баштады