Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина банкротко учурады. Шойгунун Коргоо министрлигинин жыйынындагы кеби

Атайын операциянын тажрыйбасы куралдуу күчтөр заманбап каршылаштын кандай гана аракетине болбосун "адекваттуу жана ыкчам" реакция кыларын көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын армиясынын даярдыгы мыкты жана согушка жөндөмдүү. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу министрликтин кеңейтилген форматтагы жыйынында билдирди.
Министрдин кебинин урунттуу учурлары:
Россиянын жоокерлери аскердик операция башталганга чейин Луганск жана Донецк республикалары ээлеген аймактан беш эсе көп жерди бошотту;
Россия Федерациясынын жаңы региондоруна 2014-жылдан бери жакындарын көрө элек үч миллионго жакын качкын кайтып келди;
Украина тышкы демөөрчүлөрдөн 203 миллиард доллар алды. Бул анын ИДПсынан 30 миллиардга көп. Бул каражаттын көпчүлүк бөлүгү кредитке берилгендиктен өлкө факт жүзүндө банкротко учурады;
4-июнда Украинанын күчтөрү чет элдик кураторлору даярдаган масштабдуу контрчабуулун баштады. Бирок россиялык куралдуу күчтөрдүн тактикалык коргонуу аймагынан өтө албай чоң жоготууларга учурады;
атайын операция башталгандан тарта Украинанын Куралдуу күчтөрү ажыраган аскерлери 383 миңден ашты;
атайын операциянын тажрыйбасы куралдуу күчтөр заманбап каршылаштын кандай гана аракетине болбосун "адекваттуу жана ыкчам" реакция кыларын көрсөттү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Украина атайын операция башталгандан бери 383 миң аскеринен ажырады